Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеш өттү.
Анда Бекжан Сагынбаев жана 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп шектелип оюнга чыгарылбады.
Буга байланыштуу дарбазачы катары коргоочу Айзар Акматов оюн талаасына чыкты.
Натыйжада Кыргызстан 0:1 эсеби менен жеңилүү ызаасын тартты.
Жалгыз голду монголиялык Оюунбаатар Мижиддорждун киргизди.