Бишкекте Акыркы коңгуроону кадимкидей мектепте өткөрүү пландалып жатат

Бишкек мэриясы акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептерге Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн-форматта өтөрүн билдирген. Мозгачеванын айтымында, иш-чараны кадимкидей, мектепте өткөрүү чечими штабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Ага бардык тиешелүү органдар жана мэрдин милдетин аткаруучу катышкан.

"Акыркы коңгуроо салтанатын аралыктан өткөрүүнүн эч бир артыкчылыгын көргөн жокпуз. Балдар ансыз деле мектепке келип, бири-бири менен байланышта болуп жатат. Вирус жугузуп алуу тобокелдигин болушунча азайтууга аракет кылып жатабыз. Атайын алгоритм түзүлдү", - деди вице-мэр.

Азырынча имараттарды бат-бат желдетип, балдарды топ-топко бөлүп, аралыкты сактоо менен отургузуу пландалып жатат. Мозгачева кошумчалагандай, санитардык эрежелер дагы толукталмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД