Лебединовкада эки киши каналга чөгүп кетти

Чүй облусунун Лебединовка айылында 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнь күнү ӨКМга Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам сууга чөгүп кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1971-жылы туулган жарандын жансыз денесин суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

"Ал эми экинчи адамды (аты-жөнү такталууда) издөө иштери жүрүп, караңгы киргенине байланыштуу токтотулган. Бүгүн, 7-июнда жерине издөө иштерин улантуу үчүн Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат беребиз", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД