Лейлекте мектептин окуучуларына спорттук иш-чара уюштурулду

Лейлек районундагы тогуз мектептин окуучуларына спорттук иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу спорттук залда Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн демилгеси менен мектеп окуучулары арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсү тарабынан уюштурулган бул спорттук иш-чарага Кулунду аймагындагы тогуз орто мектептин 70-80 чакты окуучулары катышты. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо, дени сак жашоону даңазалоо максатында уюштурганын белгилеп кетүү керек. Волейбол оюнунда активдүүлүгүн көрсөткөн окуучулар Лейлек РИИБнин грамотасы менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД