Бүгүн 1700дөн ашык коомдук транспорт бишкектиктерди ташууда

Бүгүн Бишкекте шаардыктарды ташуу үчүн 1 миң 528 маршрутка, 102 автобус жана 138 троллейбус чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Автобус менен троллейбустардын мурдагы тартипте, тагыраагы таңкы саат 5:30дан, түнкү 23:00гө чейин иштеп жатканы кабарланды.

Бүгүн 102 автобус төмөнкү 11 каттам менен иштеп жатат:

№6 "Ак-Ордо – Тунгуч";

№7 "Дача – Аламүдүн-1";

№8 "Орок – Ош базар";

№18 "Маевка – Кызыл-Туу";

№21 "Бакай-Ата – Биримдик";

№22 "Дордой – Үмүт";

№36 "Ак-Ордо – Өскөн-Ордо";

№38 "110-квартал – Аламүдүн-1";

№42 "12-кичи район – Ала-Тоо";

№46 "Дордой – Чоң-Арык";

№48 "Батыш автобекети – Чыгыш автобекети " (Айланма).

Шаардыктарды 138 троллейбус ташууда:

№2 – "Эт комбинаты" - "Аламүдүн-1" кичи району;

№ 4 - "Эт комбинаты" - "Булгаары завод";

№ 5 - "Тунгуч" - "Жал" кичи району;

№ 6 – "8-кичи район – "Батыш автобекети";

№ 7 - "Ош" базары - "Тунгуч" кичи району;

№ 8 - "Чыгыш автобекети"; - "Жер иштетүү институту";

№ 9 - "Жер иштетүү институту"- микрорайон "Аламүдүн-1";

№ 10 - "Фрунзе завод - "Асанбай" кичи району;

№ 11 - "Асанбай" кичи району - "Чыгыш автобекети";

№ 14 - "Жал" кичи району - "Киркомстром";

№ 17 - "Булгары заводу" - "Асанбай" кичи району.

Мэрия мындан сырткары 1 миң 528 маршрутка ишке чыкканын кабарлады.

Белгилей кетсек, кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.

Ишемби күнү, 5-июнда, Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Эртеси акырындан шаардыктарды ташып, ишке чыга башташкан.

Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом бойдон калмай болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД