"Бул бийлик" Кардарларын тилдеп тамеки чеккен троллейбустун кызматкери

Интернет айдыңына жүргүнчүлөрдү оозго алгыс сөздөр менен тилдеген троллейбустун кызматкеринин видеосу тарады.

Видеодон тамеки чегип жаткан орто жаштагы аялды көрүүгө болот. Тасма тартып жаткан адам аны коомдук транспортто тамеки чекпеши керектигин айткан. Бирок ага ачууланган аял "Бул бийлик экенин түшүнбөйсүзбү, шаарда жашаганыңа канча болду" деп ачуулу жооп берген.

Азырынча видео качан жана кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД