Башкы прокурор Зулушевге атайын чин берилди

Башкы прокурор Курманкул Зулушевге атайын чин ыйгарылды. Бул тууралуу, 7-июнда прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Курманкул Зулушевге "2-класстагы мамлекеттик юстиция кеңешчи" чини ыйгарылган. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы президент Садыр Жапаров кол койгон.

Башкы прокурорго берилген атайын чин генерал-лейтенант наамына барабар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД