Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери арасында волейбол мелдеши өтттү

Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери волейбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги спорт залдардын биринде волейбол сүйүүчүлөрүнүн ортосунда оюн өттү.

Бул достук таймашка КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчылары, ведомствонун ардагерлер кеңешинин активисттери, ошондой эле мекемелердин жетекчилери катышты.

Оюндун жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгондор татыктуу сыйлыктар менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД