Садыр Жапаров 9-11-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугат. Ошондой эле президенттердин катышуусунда эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйыны өтөт.

Мындан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында маселелер талкууланып, бизнес форум болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД