Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалганын кабарлашты.

Ага министрлик тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылып, театрдын кызматкерлерине тааныштырылган.

Чүй облустук драма театрынын жаңы жетекчисинин өмүр жолу:

Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын "Оркестр жана хор дирижерлугу" факультетинин акын жана дастанчылык өнөрү боюнча сабакты КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан сабак алган.

Буга чейин ал, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы, "Устат" Академиясынын негиздөөчүсү, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун мурдагы теңтөрагасы болгон. Ал республикалык жана эл аралык деңгээлдеги төкмө акындардын "Айтыш" сынагынын көп жолку жеңүүчүсү катары белгилүү.

Маданият тармагындагы үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын "Ардак Грамотасы" , Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД