Түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин ортосунда спорттук мелдештер өттү

Молдовановка, Степной жана Вознесеновка айылдарындагы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин ортосунда футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын жайында өлкө президенти Садыр Жапаров 2021-2026-жылдарга инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу боюнча Жарлыкка кол койгон, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен.

Стратегиялык маанилүү мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгы тарабынан кеңири иш-чаралар планы иштелип чыгып, ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Тактап айтканда Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин футбол талаасында турнир болуп, ага ЖАКнын кызматкерлери катышты.

Мындан тышкары, Степное айылындагы №2 аялдар абагында, Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемде руханий-адептик өнүгүүсүнө жана дене тарбиясына багытталган маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Айтмакчы, аталган мекеменин ашканасында тарбиялануучулар үчүн атайын майрамдык тамак берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД