Бишкек-Ош жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-июнда саат 02:30дар чамасында Чүй облусунун, Жайыл району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында болгон. Анда "Тойота Прадо" жана "Митсубиси Галант" үлгүлөрүндөгү жеңил унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен "Митсубиси Галант" унаасында бара жаткан 40-45 жаштардагы А.К. аттуу киши каза болгон. Андан сырткары, эки унаада бара жаткан 4 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар "Тез жардам" кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.