Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер катары "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынан Эрнисбек Ормоков көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ал Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынын ичинен 29у аны колдоп добуш берген.