"Манчестер Юнайтед" клубу оюнга Палестинанын желегин көтөрүп чыгышты

Бүгүн, 19-майга караган түнү өткөн Англия Премьер-Лигасынын 37-турдук оюнунун алкагында "Манчестер Юнайтед" командасы өз үйүндө "Фулхэм командасын кабыл алып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Оюндан кийин "Манчестер Юнайтед" командасынын эки футболчусу, тагыраагы Поль Погба менен Амад Диалло Израилдин соккусунан улам көп жарандарын жоготкон Палестинанын желегин талаага көтөрүп чыгышты.

Израиль-Палестина жаңжалы май айынын башында курчуп кетти. Иерусалим шаарынын чыгышындагы Шейх Жаррах атту палестиналыктар жашаган райондон мусулмандарды чыгаруу аракети палестиналыктар менен Израиль полициясынын ортосунда ири масштабдагы кагылышууларга алып келди. Андан кийин ХАМАС кыймылы менен Израиль мамлекетинин ортосунда согуш аракеттери башталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан Израиль тараптан 12 адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Ал эми Палестина тараптан курман болгондордун саны 213кө жетти. Анын ичинен 63ү жаш балдар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД