Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос космоско учат

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 20-июлда космоско учат. Бул тууралуу миллиардер "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялады. Безос жана иниси Марк менен бирге өзү түзгөн Blue Origin компаниясы курган New Shepard ракетасы менен уча турган болууда.

"Мен космоско учууну каалачумун, бул жөнүндө өмүр бою кыялдангам",-деди бизнесмен.

Blue Origin компаниясы учурда аукцион уюштуруп, бир тууган Безостор менен бирге космоско учкусу келген адамды аныктоодо. Бул аукционго 140тан ашык өлкөдөн алты миңдей киши катышууда.

New Shepard кемеси америкалык астронавт Алан Шепарттын урматына коюлган. 20-июлда бул кемеде алты кишиден турган экипаж болот.

Жефф Безос Amazon компаниясын 1994-жылы негиздеген. Быйыл 5-июлдан тарта жетекчилик кызматтан кетерин жарыялаган. Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири. Bloomberg агенттиги анын байлыгы 187 миллиард доллар деп эсептеп чыккан. Ал эми Forbеs журналынын рейтингинде француз миллиардери Бернар Арнодон кийинки экинчи орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД