Сурдлимпиадалык оюндарда кыргыз спортчулары 6 медаль утту

Кыргызстандык спортчулар Бразилиядагы жайкы Сурдлимпиадалык оюндарында алты медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

1-15-май күндөрү Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында ХХIV Сурдлимпиадалык оюндары өтүп, ага Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 24 спортчу аттанган. Мелдешке дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн 2 миң 800дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандын курамасы эки күмүш жана төрт коло медаль жеңди:

Күмүш медаль - Азамат Мавлонов таэквандо боюнча 80 кг чейинки салмакта, Алмазбек Исаков эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмакта.

Коло медаль - Смадияр Жумакадыров (55 кг) жана Мильяс Марков (130 кг) грек-рим күрөшү боюнча, Илгиз Каналбек уулу (100 кг) дзюдо боюнча, Бермет Марсбекова (57 кг) таэквандо боюнча.

Сурдлимпиадалык оюндарда Кыргызстандын курамасы алгачкы жолу 6 медаль топтой алды.

Белгилей кетсек, сурдлимпиадалык оюндар - угуусу начар адамдардын спорттук мелдеши.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД