Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналууда

Быйыл эрте бышкан жашылча-жемиштин дүң жыйымы былтыркыга салыштырмалуу 3,7 миң тоннага аз болду. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана интенсивдүү багбанчылык департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 10,5 миң тонна жашылча жана 2 977 тонна мөмө-жемиш жыйналды. Картошка 629 гектар аянттан казылып, өткөн жылдан 418 гектарга аз экени белгиленди.

Түшүмдүүлүк орточо гектарына 148,8 центнер болуп, дүң жыйым 9 128 тоннаны түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 миң тоннага аз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД