Узакка созулган COVID эмнеден улам болушу мүмкүн?

COVIDга каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, узакка созулган COVID көйгөйлөр менен абалдын жыйындысы болуп саналат: мындай бейтаптар вирусту жайылта бериши мүмкүн; кээ бирлери үчүн белгилери бир нече жумадан кийин жоголот, башкалары үчүн айлап созулат. Реанимациядан кийин булчуңдардын алсыздыгы, дем алуу, когнитивдик көйгөйлөр, тынчсыздануу жана депрессия түрүндөгү кыйынчылыктардан жапа чеккен бейтаптар дагы бар, бул белгилер COVIDден кийинкиге окшош, бирок андай болбошу мүмкүн.

Ал эми бир катар дарыгерлер постковид бул чарчоо, көкүрөктөгү дискомфорт, когнитивдик көйгөйлөр, аларды башка эч нерсе менен түшүндүрүүгө болбойт деп эсептешет. Ошол эле учурда белгилер аябай көп санда жана алар вирустан кайсы система же орган жабыркаганынан көз каранды. Мисалы, тынчсыздануу, депрессия, когнитивдик көйгөйлөр, галлюцинация жана баш оору вирустан борбордук нерв системасы жабыркаганын, ал эми сөөктөрдүн оорушу, көкүрөктүн кысылышы, муундардын оорусу жана булчуңдардын спазмы - таяныч-кыймыл аппаратынын жабыркаганын кабарлайт.

Албетте, көптөгөн вирустук инфекциялар узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет (мисалы, адамдын папиллома вирусу рак оорусуна, ал эми суу чечек чакалайга алып келиши мүмкүн), бирок дүйнөдө кесепеттеринин саны боюнча SARS-CoV-2ге салыштырууга мүмкүн болгон вирус дээрлик жок.

Кээ бир бейтаптардагы оорунун белгилери ушунчалык алсыраткандыктан, алар жумушка кайтып келе алышпайт. Айрыкча жаштарда сөз табуу кыйынга турган когнитивдик оор бузулуулар пайда болот: алар 20-30 жашында акыл-эстин бузулуусунун бардык "кереметин" баштан өткөрүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД