Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, үч адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-июнда саат 4:30дар чамасында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылы аркылуу өткөн Балыкчы - Кызыл-Суу - Каракол унаа жолунун 178-чакырымында болгон. Анда BMW 525 жана AUDI C4 үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам көз жумуп, эки адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.