Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги "Бикард" жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк кант-тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди "өкмөт башчы болуп турганда "Кумтөр Голд" ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамды бузуу кол койгон" деп шек санап, 26-январда УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын узартып, 26-июлга чейин камакта калтырган.

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган, тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп шек саналууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД