Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкө чемпионаты өттү

Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкөнүн 25-чемпионаты өткөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 14-15-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага 87 спортчу күчүн сынады.

Чемпионаттын акыркы күнүндө эркек жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта жарым финал жана финалдык кармашуулар өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды:

1. 51 кг - Дилзат Назарматов ("Космос" клубу);

2. 54 кг - Марат Мусаев ("Гермес");

3. 57 кг - Азиз Бихуров ("Мангуст");

4. 60 кг - Адилет Улан уулу ("Маралбек");

5. 63,5 кг - Алихан Эргешов (One-X-One);

6. 67 кг - Эрлан Байзаков ("Мангуст");

7. 71 кг - Аброр Хакимов ("Ош Азия");

8. 75 кг - Кутман Асеков ("Гермес");

9. 81 кг - Сыймык Базылов ("Мангуст");

10. 86 кг - Талгат Чыналиев ("Маралбек");

11. 91 кг - Дамирбек Пайзылда уулу ("Ош Азия");

12. 91 кг жогору - Эламан Мээлисбек уулу (Ош);

13. 48 кг - Назик Ниязова ("Мангуст");

14. 56 кг - Фарида Абдуева ("Маралбек");

15. 60 кг - Элиза Батыр кызы (Ош);

16. 65 кг - Адэля Асылбек кызы (One-X-One).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД