Кытай: COVID лабораторияда жасалган деген айыптоо акылга сыйгыс нерсе

Кытайдын АКШдагы элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй коронавирус Кытайда лабораторияда жасалган деген айыптоону Иракта адам баласын массалык түрдө жок кылуучу курал бар деген кептер менен салыштырып, акылга сыйгыс нерсе экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"COVID-19дун келип чыгышын бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары изилдеп чыгышы керек. Бул жерден саясат издөөнүн зарылдыгы жок. Кытайды каралоо үчүн вирус лабораторияда жасалган деп жатышат. Бул Иракта адам баласын массалык түрдө жок кылуучу курал бар дегендей эле кеп. Чындыкка эч бир жагынан туура келбейт. Вирустун келип чыгышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун процедураларына ылайык иликтениши зарыл", - деди дипломат.

Эске салсак, АКШ өнөктөш өлкөлөр менен Иракка кирерден мурда ошол кездеги мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өлкө лидери Саддам Хусейндин колунда биологиялык курал чыгаруу технологиясы бар экенин айткан. Ага далил катары пробиркага салынган ак порошокту көрсөткөн. Кийин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) Пауэллге жасалма пробирка менен чогуу туура эмес маалымат бергени белгилүү болгон.

Акыркы учурларда эл аралык ЖМКларда коронавирус лаборатория шартында жасалган деген маалыматтар байма-бай тарай баштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД