Жакындары "турмушка чык" деп кыйнаган кыз пикетке чыкты

Турмушка кеч чыккан кыздардын үнүн коомго жеткирүү үчүн казакстандык Сабина Санбер аттуу кыз жалгыз пикетке чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарынын 26 жаштагы тургуну Сабина Санбер үлпөт көйнөк кийип, "турмушка чыгыш керек" деп жазылган кагаздарды көтөрүп, жалгыз пикетке чыкты. Муну менен ал турмушка чыга элек кыздар жакындарынын "күйөөгө тий" деген басымына кабылып жатканын коомчулукка жеткирүүнү көздөгөн.

"Жашым канчада экенин билгендер бойдок экениме таң калышат. Андан кийин дароо эле убакыт өтүп жатканын айтышып, турмушка чык дешет. Күйөөгө тийүүнүн стандарты, белгилүү бир убактысы жок. Нике турмуштун ысык, суугуна даяр болгондо, сүйүктүү адамыңды кезиктиргенде кыйылышы керек. Тилекке каршы, көпчүлүк кыздар жакындарынын басымынан улам турмушка чыгып, эки ажырым жолго түшүп кетишет. Учурда бул көпчүлүктүн маселесине айланып бара жатат", - деген пикетчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД