Баткенде Ички аскерлер күнүнө карата спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө

Баткенде Кыргыз Республикасынын Ички аскерлер күнүнө спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-май Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин Баткен шаарындагы 707 бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнө жана "Шер" отрядынын 20 жылдыгына карата 23-24-май күндөрү спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Спорттук кичи футбол жана волейбол түрү уюштурулуп, ага Баткен шаарындагы күч түзүмдөрүнөн 8 команда катышты.

Спорттук иш-чараны Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов ачып, кызматкерлерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, "Спорт-ден соолуктун булагы. Ар бир кызматкер дени сак болсо гана жарандын укугун жана эркиндигин коргой алат. Ошондуктан ар бириңиздерге ийгилик каалайм" деп айтып өттү.

23-май күнү спорттун волейбол түрү өткөрүлүп, 24-май күнгө кичи футбол уюштурулууда. Жеңген командаларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД