Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында тандоо турнири өттү

Шаардык "Диалог" маданият үйүндө Леонид Юртаевдин кубогу жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн шахмат боюнча балдардын тандоо турнири болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнирге 8, 10, 12 жана 14 жашка чейинки категориялар боюнча 100гө жакын бала катышты.

Ошондой эле катышуучулар Фиденин эрежеси боюнча 7 раунд бою швейцариялык система менен ойношту.

Балдар арасындагы жыйынтык боюнча:

Нурбеков Алинур (8 жашка чейин),

Токтобеков Шабдан (10 жашка чейин),

Нуров Байзак (12 жашка чейин),

Амиражанов Бекбол (14 жашка чейин)

Кыздар арасында:

Сайзилдаева Аймана (8 жашка чейин),

Субанкулова Каныкей (10 жашка чейин),

Съездбекова Айжан (12 жашка чейин),

Токтобекова Азема (14 жашка чейин).

Эске салсак 12-22-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи эл аралык гроссмейстери Леонид Юртаевдин элесине арналган шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт.

Ошондой эле бул мелдешке Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана Россиядан 300гө жакын шахматчы катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД