Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 25-29-майда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Спорттук иш-чарада эркектер 13 салмакта: 46-48 кг, 48-51 кг, 51-54 кг, 54-57 кг, 57-60 кг, 60-63.5 кг, 63.5-67 кг, 67-71 кг, 71-75 кг, 75-80 кг, 80-86 кг, 86-92 кг жана 91 кг жогору, кыз-келиндер арасында 12: 45-48 кг, 48-50 кг, 50-52 кг, 52-54 кг, 54-57 кг, 57-60 кг, 60-63 кг, 63-66 кг, 66-70 кг, 70-75 кг, 75-81 кг жана 81 кг жогору салмакта күч сынашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД