Татарстан Кыргызстан менен туризм тармактарында кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга иш сапар менен келген Татарстан премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

"Татарстан Республикасы менен өз ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү - Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элибиздин тили, дини, маданияты, салт-санаасы бирдей, аларды чыңдообуз зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстан Президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты жандантуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөлөр аралык кызматташтык тууралуу ондон ашуун келишимге кол коюлганын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД