Чүйдө унаа уурдап бараткан адам жол кырсыгына кабылды

Чүй облустук милиция унаа ууру кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну 5-июнда таңга маал "Ниссан Примера" үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айтып милицияга кайрылган.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен иш козголуп, ыкчам издөө иштери башталган. Көп узабай аталган уурлукка шектелип, 19 жаштагы С.А. аттуу адам кармалган.

Унааны айдай качкан жигит мас абалында болгондуктан көп узабай эле жакынкы светофорлордун бирин сүзүп токтогон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД