Чолпон-Атада ЖАКнын кызматкерлери арасында футбол турнири өттү

Ысык-Көлдө футбол сезону ачылды! ЖАКнын кызматкерлери Чолпон-Атада өздөрүнүн турнирин өткөрүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы тарабынан Чолпон-Ата шаарында мекеменин кызматкерлери жана ардагерлер арасында кичи футбол боюнча жалпы мелдеш уюштурулуп, ийгиликтүү өттү.

Иш чара Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан кабыл алынган 2021-2026-жылдарга "Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча" мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле азыркы мезгилге карата массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча пландын алкагында ишке ашырылды.

"Тянь-Шандын кок берметинин" жээгинде ЖАКнын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен, ошондой эле жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринен куралган бир нече эркектер командалары таймашка катышышты.

Бир катар өжөрлөрү беттештердин жыйынтыгында жеңүүчү деп аныкталып, салтанаттуу түрдө кубок, спорттук медалдар жана абройлуу дипломдор менен сыйланышты.

1-орунду Бишкек шаарынан келген ЖАКнын Борбордук аппаратынын командасы ээледи. 2-орунду №23- мекеменин (Каракол шаарынын СИЗОсу) оюнчулары. 3-орунду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Пробация башкармалыгынын аймактар аралык башкармалыгынын командасы ээледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД