Бабановдун жактоочусу Бишкек шаардык сотко кайрылды

Адвокат Амантур Абдрахманов кардары, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасына байланыштуу Бишкек шаардык сотко арыз жазды.

"Шаардык соттон Бабановдун бөгөт чарасын кайра карап берүүнү өтүндүк. Биз аны үй камагына чыгарууну же эч жакка кетпөө шарты менен камактан бошотууну сурап жатабыз. Мыйзамга ылайык, биздин арызыбыздын негизинде азыр анын бөгөт чарасы гана каралат. Ал эми Бабановдун кармалышы мыйзамсыз экенин сотто далилдеп беребиз", - деди Абдрахманов.

Адвокаттын айтымында, сотко түшкөн арыз он күндүн ичинде каралышы керек.

Бабанов учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатат. Ал 31-майда "Кумтөр иши" боюнча УКМКга суракка барганда камакка алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп атаган.

Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД