Адамдарга "Коронавирус менен оорубайт" деген маалымкат саткан адам кармалды

Жасалма ПЦР тест сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда акчага "Covid-19" инфекциясына маалымкат берилип жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Анда ПЦР тест тапшырбай, дарыгердин кароосу жок эле белгилүү суммага бир нече убакыттан бери маалымкат сатып келгени белгилүү болгон.

Бул окуя Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен катталып, иликтөө башталган. Анын алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Иликтөөдө "А" аттуу адам жеке клиникалардын бири менен сүйлөшүп, Whatsapp аркылуу жасалма ПЦР тестин жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатып, аны менен алар мамлекеттик чек аралардан эркин өтүүгө мүмкүнчүлүк алышканы белгилүү болгон.

Ыкчам иликтөөдө маалымкат саткан адамдын аты-жөнү такталып, ал 25 жаштагы Чүй облусунун тургуну экени белгилүү болгон. 7-июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД