Баткенде милиция кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Баткенде милиция кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 27-май күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган спорттук иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты кызматкерлердин физикалык жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Кичи футболдо тартип сакчыларынан куралган командалар мыкты оюн көрсөтүшүп, арасынан чеберчилигин көрсөткөн кызматкерлер атайын номинацияларга ээ болушту.

Кичи футболдо Баткен ОИИБдин командасы жакшы ийгиликтерге жетишип, биринчи орунду ээлешти. Ал эми, экинчи орунду Кадамжай РИИБ багындырса, үчүнчү орунга Баткен РИИБдин командасы ээ болду.

Милиция кызматкерлеринин арасында өткөрүлүп жаткан бул спорттук иш-чара мындан ары да уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД