Ковидден кийин жүрөк жана кан-тамырларды кантип калыбына келтирүү керек?

Коронавирустук инфекцияга чалдыккан адам оору күчөп турган мезгилинде жалпы практикалык дарыгердин сунуштарын катуу сактоосу керек. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, COVID-19 жукканга чейин жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар дарыгери жазып берген дары-дармектерди ичүүнү улантуусу керек. Бирок, вируска каршы дарылардын кардиотоксикалык таасирине жана дары-дармектердин мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу терапияны тууралоо талап кылынуусу мүмкүн.

Жүрөк жана кан тамыр патологиясы менен жабыркаган бейтаптарда тромбдордун пайда болуу коркунучун баалоо үчүн кандагы D-димердин деңгээлин аныктоо, ошондой эле динамикалык тромбоциттердин санын аныктоо менен толук кан анализин жүргүзүү сунушталат. Эреже катары, кан тамырларда жана жүрөктө кандын уюп калышынын алдын алуу үчүн бейтаптарга антикоагулянттар (кандын уюшун азайтуучу дарылар) дайындалат.

Бейтаптар күн сайын кан басымын текшерип турушу керек. Ошондой эле тез жардам чакыруу зарыл болгон өзгөчө абалдардын белгилерин билүүлөрү кажет.

COVID-19дан толук айыгып чыккандан кийин, жүрөк-кан тамыр системасынын терапиялык калыбына келтирүү тактикасын аныктоо үчүн бейтап коронавирустан кийин жүрөктү текшертүүсү талап кылынат.

Калыбына келтирүү тактикасын аныктоо үчүн кардиолог дарыгер текшерүүлөрдүн топтомун дайындайт:

• клиникалык кан анализи, коагулограмма, липидограмма;

• ЭКГ, ЭхоКГ;

• коронардык тамырлардын доплерографиясы;

• электрокардиограмма;

• кан басымын күнү-түнү көзөмөлдөө (зарыл болсо).

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кардиолог жүрөктү дарылоону, физиотерапияны, диета терапиясын жана физикалык активдүүлүк боюнча сунуштарды камтыган программа түзөт.

Бул жүрөк-кан тамыр системасы үчүн COVID-19 коркунучтуу кесепеттерин жеңүүгө жана кадимки жашоо образына кайтууга коронавирустан кийин жүрөк жана кан тамырларды дарылоонун комплекстүү ыкмасы жардам берет.

Жаңы коронавирустук инфекциянын кесепеттери жүрөк-кан тамыр системасында олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, ошондуктан инфекцияны алдын алуу, өзгөчө жүрөк патологиясы бар адамдар үчүн абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө коронавирустун алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы - бул эмдөө. Бул өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дун оор кесепеттеринен коргоо үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүк.

Адамдын ден соолугуна аяр мамиле кылуусу – бакубат жашоонун ачкычы!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД