Өзбекстан президенти Эверестти багындырган альпинистке унаа белек кылды

Өзбекстанда Эверест чокусун багындырган альпинист Сергей Денисенко "Өзбекстандын сыймыгы" ардак наамы менен сыйланып, андан тышкары президент Шавкат Мирзиеевдин атынан автоунаа белекке берилди.

Денисенко Эверестке 1-июнда чыгып, аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнаган.

Белгилей кетсек, май айында кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырган. Ал мекенине 5-июнда келген. Эдуард Кубатов - дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык. 1997-жылы Дмитрий Греков да чокуга чыгып келген.

Эверест – Жер шарындагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Анын бийиктиги - дээрлик 8 миң 849 метр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД