Жыл башынан бери 38 млрд сом салык чогултулду

Жыл башынан бери 38 млрд сом салык чогултулду. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь айынан май айына чейин болжолдонгон 36 млрд 442,6 млн сомдун ордуна 38 млрд 429,1 млн сом салык жана төлөм жыйналды. Бул белгиленген пландан 105,5 пайызга же дээрлик 1 млрд 986 млн 500 миң сомго ашык.

Бул сумма өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд 461 млн 400 миң сомго көп, ал эми өсүү ыргагы 142,5 пайызды түзгөн.

Салык кызматынын маалыматына караганда план боюнча быйыл 97 млрд сом салык жыйналуусу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД