Өзбекстанда депутаттын баласы журналисттерди токмоктоду

Өзбекстанда депутаттын баласы журналисттерди токмоктоду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты

Маалыматка ылайык, жарандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүргөн Effect.uz басылмасынын журналисттери Анжиян шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Рахим Собировдун баласынан токмок жешкенин билдиришкен. Бул ишти Өзбекстандын Башкы прокуратурасы көзөмөлүнө алган.

"Башкы прокуратура ишти Анжиян облустук прокуратурасы иликтеп жатканын жана окуянын катышуучуларына укуктук баа берилерин билдирди", деп айтылат журналисттер тараткан маалыматта.

Буга чейин Effect.uz басылмасынын үч журналистине Термез райондук сотунун төрагасынын бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылганы үчүн иш козголгон.

Кабарчылардын бири Эльёрбек Тажибаев өлкөдөгү журналисттер менен блогерлерге кайрылып, алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнө коркунуч болуп жатканын эскерткен.

"Мен бардык журналисттерди жана блогерлерди сак болууга чакырам. Силер менен мындай окуянын болушуна жол бербегиле. Өзбекстанда сөз эркиндиги өлгөн", - деген журналист кайрылуусунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД