Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга эмнеге ок берип жатканын түшүндүрдү

Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырын ырбатуу ниети жок экенин билдирди.

"Тенгриньюс" ("Tengrinews") басылмасы жазгандай, 2019-жылы декабрь айында Тажикстандын Коргоо министрлиги казак тарапка тажик-афган чек арасындагы абалдын оорлошконуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнү суранган. Анын негизинде акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкмөттөр алардык макулдашуу түзүлүп, ага ушул жылы 17-апрелде кол коюлган.

Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылы 2-мартта Казакстан менен Кыргызстан ушундай эле макулдашууга кол коюшкан.

"Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара чыры чыңалганга чейин эле макулдашууларга алар кол коюлган. Учурда кол коюлган макулдашууларды ратификациялоо иштери жүрүп жатат.

Аталган өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырын ырбатуу ниетибиз жок. Бул макулдашуулар Афганистандан башка өлкөлөрдүн аскерлери чыгып жатканына байланыштуу кол коюлган.

Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардамды жеткирүү иштери аталган өлкөлөрдүн ортосундагы абал турукташып, пикир келишпестиктер жоюлгандан кийин гана жүргүзүлүп баштайт", - деп айтылат Казакстандын коргоо министрлигинин маалыматында.

Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) макулдашуусуна ылайык, ЖККУга мүчө мамлекеттер бири-бирине каршы күч колдонуудан жана бири-бирин коркутуудан алыс болушу керек экени айтылат. Буга байланыштуу аскердик-техникалык жардам чек арадагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн колдонулбашы керек экени белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД