
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада "Мектеп лигасынын" финалдык оюндарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Парадды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Мектеп лигасы федерациясынын вице-президенттери жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов кабыл алды.
Параддан соң бардык катышуучулар финалдык оюндарды өткөрүү үчүн өздөрүнүн аянттачыларына бет алды.
Мелдешке спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча "Мектеп лигасынын" облустук этабынын жеңүүчүлөрү болгон Кыргызстандын облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышууга укуктуу:
Футбол чоңдор (балдар);
Баскетбол (балдар, кыздар);
Волейбол (балдар, кыздар).
3-июнда Д.Өмүрзаков атындагы башкы аренада 1-2-орундар үчүн финалдык оюндар жана салтанаттуу сыйлоо, жабылуу аземи болот.