Париж Израиль-Газа жаңжалын токтотууга үндөдү

Франция Египет жана Иордания менен биргелешип БУУнун Коопсуздук кеңешине Израиль менен Газа ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу резолюцияны сунуш кылды.

18-майдын кечинде чыккан маалыматка караганда, француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрон, Египет президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Иордан падышасы Абдулла Экинчи менен видео талкууда документтин мазмунун макулдашышты. Резолюция ок атууну токтууга үндөйт.

Коопсуздук кеңеши шейшембиде Израиль-Газа жаңжалы боюнча резолюция кабыл ала алган жок.

Тел-Авивдин негизги өнөктөшү АКШ Кытай, Норвегия жана Тунис өз-өзүнчө иштеп чыккан долбоорлорду четке какты.

Кытайдын БУУдагы элчиси Чжанг Юн Бээжин Франция сунуш кылган резолюцияны колдоорун кабарчыларга билдирди.

Аймактын өзүндө 18-майда аткылоо, бомбалоо уланды. Газанын саламаттык сактоо өкүлдөрү 10-майда абал кескин курчугандан бери Израилдин чабуулдарынан жалпы жонунан 217 палестиналык, арасында 63 бала өлгөнүн билдирди.

Израиль тарапта Газадан атылган ракеталардан 12 киши каза тапты, катарында бир бала бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД