Коронавирус учурунда кондиционерлер коркунучтуубу?

Бөлмөдө кондиционерлерди колдонуу кооптуу болушу мүмкүн, анткени эпидемия учурунда инфекцияны жуктуруу коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу жана дарылоо боюнча сунуштарынын бешинчи версиясында айтылган.

Анда кондиционерлерди вирус жайылуу коркунучу жогору болгон жерлерде колдонбоо керектиги жазылган. "Алар табигый желдетүү менен жугуштуу аэрозолдордун жогорку концентрациясын сактоого жардам берет" деп айтылат документте.

Ошондой эле аба тазалагычтардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде ультракызгылт бактерициддик нурлануу технологиясы, иштин төмөндүгүнө байланыштуу аба аркылуу жугуучу инфекциялардын таралышына өбөлгө түзөрү белгиленген. Министрлик кубаттуу механикалык вентиляцияга же үзгүлтүксүз желдетүүгө артыкчылык берүүнү сунуштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД