Ошто сууга аккан он беш жашар кыз көз жумду

Ошто дарыяга аккан он беш жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымата ылайык, кечээ, 7 - июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районда 2006-жылы төрөлгөн кыз Кара-Кулжа дарыясына агып кеткен. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, өспүрүм кыздын жансыз денесин таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Айрым маалыматтар боюнча каза болгон кыз сүрөткө түшөм деп жатып сууга агып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД