ФИФА Кыргызстандын эки футболчусун Мьянмага каршы беттештен четтетти

ФИФА Кыргызстандын эки футболчусун Мьянмага каршы беттештен четтетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июнда ФИФАнын Дисциплинардык комитети Улуттук кураманын оюнчулары Темирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулун Мьянма менен болот турган оюндан четтегендиги тууралуу билдирген. Ага 2019-жылы Монголия жана Тажикстанга каршы оюнда бул оюнчулар эскертүү кагаз алганы себеп болгон.

Ошондой эле бул оюнчулардан сырткары футболчулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков Эржан Токатаев, машыктыруучу штаб, администрация вирус жугузуу күмөнү бар деп "сары" тизмеге киргендиги үчүн оюндан кийинки оюнга катыша албай калуусу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД