
Бишкекте балдар арасында "Shoro Kid"s Run" массалык жарышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жарышка жалпысынан 2 жаштан 16 жашка чейинки 1000 бала катышты.
Жарыш Ынтымак сейил багында өтүп, чоң старт шаарчасы, маданий шоу-программа, оюндар, сынактар, спорттук оюндар жана сүрөт тартуу уюштурулду.
Жарыштын максаты - балдарды спортко жана сергек жашоого тартуу болуп саналат. Жаш жөө күлүктөргө ыңгайлуу болушу үчүн бардык катышуучулар жаш категорияларына жана аралыктарга бөлүнүштү.
•2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка;
•6-8 жаштагы балдар - 500 метр аралыкка;
•6-1 жашка чейинки балдар - 1 чакырым аралыкка;
•13-16 жаштагы балдар - 3 чакырым аралыкка чуркашты.
Финишке жеткен ар бир бала демөөрчүлөрдөн жана өнөктөштөрдөн эстелик медалдарды жана байгелерди алышты.
Белгилей кетсек, иш-чара Балдарды коргоо күнүнө жана ата мекендик "Шоро" ишканасынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.