Кыргызстанда төрт жылда сүт азыктарынын экспорту эки эсе көбөйгөн

Кыргызстанда 2016-2020-жылдар аралыгында сүт жана сүт азыктарынын экспорту эки эсе арткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстан сыртка 46 млн долларга 35 миң тонна сүт жана сүт азыктарын экспорттогон.

Маселен, Кыргызстан Казакстанга 24,1 млн долларга, Орусияга – 21 млн, Өзбекстанга – 705 миң жана Тажикстанга 217 миң долларга сүт азыктарын саткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД