
Таэквондо ГТФ боюнча Бишкек шаарынын VI чемпионаты жана биринчилиги аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, чемпионат 28-июндан 30-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында өтө турган "PEARL OF KYRGYZSTAN" алкагында КМШ Кубогуна арналган.
Мелдешке 12-14, 15-17 жана 18 жаштан өйдө топтордо хъенг, массоги, пункт-стоп жана командалык дубал программалары боюнча 369 таэквондочу катышты.
Командалык дубалдын чемпиондору кубок жана башка белектер менен сыйланышты.
Жалпысынан мелдеште 95 комплект медаль, кубок, диплом жана баалуу сыйлыктар ойнотулду.