Азия кубогуна тандоо. Бүгүн Кыргызстан менен Сингапур курамалары беттешет

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Кыргызстан - Сингапур оюну саат 20:00дө аталган стадиондо башталат.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин улуттук кураманын футболчуларынын физикалык жана тактикалык жактан даярдыгы мыкты экендигин билдирген.

Оюндун жүгүртмөсү:

8-июнь:

• Кыргызстан - Сингапур;

• Тажикстан - Мьянма.

11-июнь:

• Сингапур - Тажикстан;

• Мьянма - Кыргызстан.

14-июнь:

• Кыргызстан - Тажикстан;

• Мьянма - Сингапур.

Эскерте кетсек, Бишкектеги эски аянтта чоң экран коюлуп, алдыдагы беттештер түз чагылдырылып турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД