Интернет желесинде мүчүлүштүктөр болуп ири сайттар иштебей жатат

Интернетте масштабдуу мүчүлүштүктөр болууда. Бир эле мезгилде бир катар сайттардын ишинде көйгөйлөр жаралды. Алардын арасында YouTube, Google, Twitch, GitHub жана башкалар бар. Бул нерсени сервистердин ишин реалдуу убакыт режиминде байкап турган Downdetector кызматынын маалыматтары дагы тастыктайт.

Ошондой эле Америкалык жана англис тилдүү алдыңкы сайттар CNN, New York Times, Guardian сындуу басылмалардын ишинде дагы масштабдуу мүчүлүштүктөр болуп жатат. Аларга кирүүгө аракет кылган учурда "503" катасы көрсөтүлөт - бул сервердин техникалык иштен же ашыкча жүктөмдөн улам сурамды иштеп чыгууга даяр эместигин көрсөткөн код. Мындан сырткары көйгөйлөр Amazon кызматы жана дүйнөлүк PayPal онлайн төлөм тутумунда дагы болуп жатат.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Downdetector компаниясына шилтеме берип, ири мүчүлүштүк орусиялык сайттарга таасирин тийгизген жок деп жазышууда. Бирок сайттардагы графикалардан мындай эместигин байкоого болот.

"Дуровдун кодекси" басылмасы бул көйгөй тууралуу жазып, Financial Times компаниясынын продакт-менеджери Мэтт Тейлордун пикирин жарыялады. Анын айтымында бул нерсе, өздөрүн мүчүлүштүктөрдөн максималдуу корголгон деп сыпааттап келген Fastly CDN провайдериндеги аварияга байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД