Казакстанда өткөн каратэ WKF боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчулар 7 алтын, 8 күмүш жана 12 коло медалга татышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каратэ-до улуттук федерациясынын башкы катчысы Матмусаев Анарбек Маманович билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын 3-июнунан бешине чейин Казакстандын Алматы шаарында балдар, кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында каратэ WKF боюнча эл аралык турнир өткөн.
Турнирге жалпысынан 5 өлкөнүн: Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь жана Азербайджандын 763 спортчусу катышкан. Командалык эсепте биринчиликти Казакстан, экинчи орунду Россия, үчүнчү орунду Кыргызстан курамасы ээлеген.
Кыргызстандын атынан 68 спортчу жана 4 судья катышкан.
Судьялар:
Казанов Дмитрий
Конник Дарья
Дөлөтбаев Самарбек
Аманов Данияр
Тренерлер:
Дүйшеев Бакыт
Бондаренко Павел
Талайбеков Аманбол.
Кыргызстандын курамасынын жыйынтыктары:
7 алтын:
Нурланбек уулу Калыс
Байжигитова Даткайым
Турганалиев Тенгиз
Бейшембаева Нурай
Мамаджанов Бексултан
Сапарбаев Арсен
Ревина Дарья
8 күмүш:
Эсенкулова Сезим
Айсаева Умида
Даян Деря
Шорукова Нурида
Кайыпова Анель
Абдыгулов Сулейман
Нуркасымова Асия
Кудашева Садия
12 коло:
Тойтонова Кымбат
Касымбекова Назми
Касымбеков Калысбек
Ярова Дали
Ким Амина
Ковылин Ростислав
Сатымкулов Кутман
Римбалюк Екатерина
Мордвова Регина
Турусбеков Улукбек
Хван Данил ката боюнча
Хван Данил кумитэ боюнча.