Аламүдүндө имарат менен кошо эки унаа күйүп кетти

Аламүдүндө унаа оңдогон жай менен кошо эки унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 8-июнь күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы эки кабаттуу унаа тейлөөчү жайдан чыккан. Имараттын көпчүлүк бөлүгү жана ал жерде турган "БМВ", "Кадиллак Эскалейд" үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен күйгөн.

Ал жерге барган өрт өчүрүүчүлөр саат 21:00дө өрттү чектөөгө алып, саат 22:45те толук өчүрүшкөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД