Ошто 38 көчөнүн тротуары оңдолот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, иштер Осмонов көчөсүндө башталды. Учурга карата курулуш иштерине тоскоол жаратып жаткан объектилер түрттүрүлүп жатат.
План боюнча, жөө жүрүүчүлөр тилкелерин калыбына келтирүү июлдун аягында жыйынтыкталат.